Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетинин алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынтыктоочу жыйынын өткөрдү.
Жыйында адам укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү талкууланды.
Катышуучулар 2024-жылга координациялык кеңештин иш планынын аткарылышынын жыйынтыктарын талдап, 2025-жылга пландын долбоорун сунушташты. Ошондой эле кеңештин үстүбүздөгү жылдагы иши боюнча жыйынтыктоочу отчету каралды.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий