Адамдарды жана жаныбарларды антибиотиктер менен абайлап дарылоо керек – ДСО

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Антибиотиктерге туруктуулук – калктын ден соолугуна карата өсүп келе жаткан дүйнөлүк коркунуч. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Тасним Ататра билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкы сактоо уюмунун маалыматына караганда, көп дарылык туруктуулугу бар бактериялардан улам пайда болгон инфекциялардын жыйынтыгында өлүм учурларынын санынын эсеби дүйнө жүзү боюнча 700 миңди түзөт. Европа биримдигинде эле жыл сайын 33 миңге жакын адам каза болот, бул сан дагы көбөйүүдө.

Жалпы экосистеманын болушу бир эле микроорганизмдер адамдарга да, жаныбарларга да чабуул жасашына алып келет. Жаныбарлар адамдын бардык ооруларынын 60 пайызынын башаты катары кызмат кылат. Андыктан адамдын, жаныбарлардын ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо микробдорго каршы препараттарга туруктуулукка каршы күрөшүүнүн ажырагыс бөлүгү болууда.

Тамак-аш өндүрүшүнүн коопсуздугун колдоо жана микробдорго каршы препараттарга туруктуулукту тамактануу чынжырчасы аркылуу өткөрүүнү азайтуу үчүн айыл чарбадагы, өндүрүштөгү, азык-түлүктөрдү кайра иштетүү жана ишке ашыруудагы гигиена гигиенаны сактоо керектелет. Микробдорго каршы препараттарга туруктуу дүүлүктүргүчтөрдөн улам пайда болгон ооруларды дарылоо татаал жана кымбат болушу мүмкүн. Эгер антибиотиктерди туура эмес колдонсо, микробдорго каршы препараттардын тамактагы калдыктары керектөөчүнүн ден соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн.

Микробдорго каршы препараттарга туруктуу микроорганизмдер айыл чарба өндүрүшүнүн жана тамак аш чынжырчасынын системасында коомдук ден соолук үчүн олуттуу маселелерди гана жаратпастан, моода жана дүйнөлүк экономика үчүн коркунуч болууда. Бүгүнкү күндө “Бирдиктүү ден соолук” концепциясын кабыл алуу Европанын жана дүйнөнүн калкынын ден соолугун коргоо тармагында реалдуу прогресске жетүүнүн жалгыз натыйжалуу каражаты болуп саналат.

12нен 16-ноябрга чейин Европа аймагында, анын ичинде Кыргызстанда дүйнөлүк антибиотиктерди туура колдонуу жумалыгы өтөт.

“Жаныбарлардагы жана адамдагы инфекциялык ооруларды дарылуу үчүн колдонулган микробдорго каршы препараттарга жакшылап мамиле кылып, абайлап колдонуу керек. Бардык тармактарда жана ар кандай деңгээлдерде жүргүзүлүп жаткан аракеттерде бардык коомчулуктун жана мамлекеттин катышуусун камсыздабасак, Кыргызстанда эч кандай өзгөрүүлөргө жетише албайбыз”, - деди Тасним Ататра.

“Микробдорго каршы дары-дармектер жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ооруларын дарылоо үчүн керек. Бирок аларды жоопкерчиликтүү жана керек болгон учурларда гана колдонуу зарыл. Микробдорго каршы препараттарга туруктуулукту өнүктүрүүнү алдын алуу жана алардын эффективдүүлүгүн болушунча узак мөөнөткө сактоо үчүн биз айыл чарбаны жүргүзүү практикасына каражаттарды жумшашыбыз керек. Ошондой эле мындай туруктуу айыл чарба практикасын кармап туруу үчүн чараларды көрүү керек. Тамактанууга жана ден соолукка болгон укук адамдын негизги укуктарынын бири болуп саналат”, - деп белгилешет Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы адистери.

Пикир

Оставить комментарий