“Адилет сот” менен “Укук” мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Учурда “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасы Кыргызстандын бардык үч инстанцияларынын сотторуна киргизилип, иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын башынан тартып “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасын модернизациялоо башталып, анда бардык инстанциялардын бизнес-процесстери жаңыланып, мамлекеттик органдар менен интеграциялоо боюнча мындан аркы чаралар аныкталган.

Иш маанилүү болгондуктан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын түздөн-түз көзөмөлүндө. 2021-жылдын октябрында “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасын жана “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык система менен интеграциялоо боюнча иштер кайра жанданган.

Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, ошондой эле кабыл алынган сот чечимдери, кылмыш иштеринин кыймылы боюнча өз ара маалымат алмашуу максатында Башкы прокуратура жана ага караштуу “Укук” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн. Биринчи инстанцияда жана "тергөө судьясы" модулу үчүн маалыматтарды алуу жана өткөрүп берүү жагынан өз ара маалыматтарды алмашуу кызматтарын тестирлөө боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.

Экинчи жана үчүнчү инстанциялар үчүн "Сот" автоматташтырылган маалыматтык система менен "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" ортосунда маалымат алмашуу талааларынын түзүмүн баяндоо менен техникалык шарттар жөнөтүлдү.

Сот системасы тарабынан экинчи инстанциядагы сот өндүрүшүнүн алкагында маалымат алуу үчүн адаптер иштелип чыккан.

Учурда “Адилет сот” мекемеси менен Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин ортосунда маалымат алмашуунун алкагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштү интеграциялоо боюнча актыга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий