• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Адис: Филармониядагы 42 жылдан бери каралбай турган аспаптын көп тетиктери жараксыз болуп калган

Коом 0


Бишкек, 21.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Улуттук филармонияда колдонулган уникалдуу музыкалык аспап - орган калыбына келтирилди.

Органды калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин Москвадан келген жогорку квалификациялуу адистер жүргүзүштү. Алар оңдоо иштерин жыйынтыктаган соң, жаңыртылган органда музыкалык чыгармаларды аткарып, анын өзгөчө үнү менен тааныштырышты.

Музыкант, орган боюнча адис Еприкян Гарринин айтымында, орган музыкалык аспабы 42 жылдан соң биринчи жолу реконструкциядан өттү.

“Кыргызстанда жалгыз орган музыкалык аспабы бар экен. Тилекке каршы органдын абалы аябай кейиштүү болчу. Аспап каралбай келгендиктен чаң болуп, көп тетиктери жараксыз болуп калган. Оңдогону аракет кылып көрүшкөн. Бирок тилекке каршы, алар ого бетер бузуп салышкан. 42 жылдан кийин орган биринчи жолу реконструкциядан өттү. Бирок азыр баары сонун. Биз баарын оңдодук. Азыркы учурда баары жакшы иштеп жатат. Эми биз органдын үнү тынымсыз угулуп турат деп ишенебиз.”,-деди ал.

Ошондой эле, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисти Виктория Васильева калыбына келтирилгенден кийинки уникалдуу музыкалык аспабынын жардамында биринчи жолу 24-декабрда концерт өтөрүн кошумчалады.

“Органды оңдоого республикалык бюджеттен 9 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат аспаптын баштапкы үнүн калыбына келтирүүгө жана аны толук кандуу колдонууга даярдоого мүмкүнчүлүк берди. Кыргызстандагы жалгыз органдын оңдоп түзөөдөн өткөнүнө аябай кубанып турам. Буйруса 24-декабрда оңдоп-түзөөдөн кийинки орган аспабынын жардамында концерт өтөт. Учурда даярдык көрүүдөбүз”,-деди ал.

Маалымат үчүн: Улуттук филармониянын органы мындан жарым кылым мурун орнотулган жана көп жылдар бою концерттик программалардын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Аны калыбына келтирүү филармониянын репертуарын кеңейтүүгө, уникалдуу органдык концерттерди кайра жандандырууга жана классикалык музыкага болгон кызыгууну арттырууга шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий