Бишкек, 31.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда быйыл административдик-аймактык реформанын алкагында бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков билдирди.
Анын айтымында, айыл аймагындагы кадрларды кыскартуу менен айлык акынын эсебинен 2 млн сомго жакын акча үнөмдөлдү.
“2024-жылдагы агенттиктин эң чоң жетишкендиги бул административдик-аймактык реформа болду. Мурун 452 айыл аймагы болгон болсо, азыр 231ге кыскарды. Бирок кыскартуу менен кадрлардын ишмердүүлүгүнүн сапаты төмөндөгөн жок. Анткени агенттик тарабынан даярдалган мамлекеттик кызматкерлер үчүн бир катар окутуулар жүргүзүлдү. Учурда 1029 адам билим алууда. Мындан сырткары, 500 дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөгө билим алууга кетишти. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында документтерди бүтүрүүдө тигил же бул жака чуркап отурбай, бир жерден эле алууга шарттар түзүлдү. Мамлекеттик кызматтагылар үчүн “Е кызмат” тиркемеси ачылды. Бул тиркеме аркылуу мамлекеттик кызматкерлер билим алууга, ошондой эле билим деңгээлин аныктоо үчүн тест тапшыра алышат. Эми жалпысынан алганда 30 жылда аткарылбай келген административдик-аймактык реформа президент Садыр Жапаровдун жардамында ишке ашып жатат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий