• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Адылбек Касымалиев “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Баткен облусунун 25 жылдыгына арналган “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” эл аралык инвестициялык форумуна катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, форумдун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев катышуучулар тарабынан Баткен облусунун инвестициялык климатын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлору менен таанышты. Ал ошондой эле аймакка инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган панелдик сессияларга катышты.

Андан ары минкаб төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” форумунун алкагында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн түрдүү товарлары коюлган тамак-аш көргөзмөсүнө барды. Ал аймактын экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтары катары жергиликтүү айыл чарбаны жана тамак-аш өнөр жайын колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев ишкерлер жана өндүрүшчүлөр менен жолугуп, алардын маселелерин жана мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Ал белгилегендей Баткен облусун өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу, каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жана инновациялык долбоорлорду колдоону камтыган комплекстүү мамиле керек.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мамлекет менен бизнестин биргелешкен аракети Баткен облусунун потенциалын ишке ашырууга жана аны инвесторлор үчүн жагымдуу кылууга жардам берерине ишенээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий