• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен борбор калаанын тургундарынын жолугушуусу болуп өттү.

Коомчулук менен болгон жыйынга ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчылары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Бишкек шаарынын мэри, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Борбор калаанын тургундарынын кайрылуулары социалдык кызматтардын жана милициянын ишине тиешелүү болду.

Мындан тышкары бишкектиктер шаарды көрктөндүрүү боюнча сунуштарын айтып, коопсуздукту камсыз кылып, борбор калаада тартипти жогорулатууну камсыз кылган милиция кызматкерлерине, ошондой эле көрктөндүрүү иштери жүрүп жаткан Бишкек шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий