• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Адылбек Касымалиев Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусунда жолугушууларды өткөрөт. Дареги жана убактысы

Аймак 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарына минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев барат.

Алдыда Чүй облусундагы белгиленген жолугушуулардын өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат:
- Кемин району боюнча жолугушуу 19-августта саат 10:00дө Кемин шаардык маданият үйүндө болот;
- Токмок шаары, Чүй району боюнча жолугушуу 19-августта саат 15:00дө Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында өтөт;
- Ысык-Ата району боюнча жолугушуу 20-августта саат 10:00дө Кант шаардык маданият үйүндө уюштурулат;
- Аламүдүн району боюнча жолугушуу 20-августта саат 15:00дө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
- Сокулук району боюнча жолугушуу 21-августта 10:00дө Шопоков шаардык маданият үйүндө өтөт;
- Москва району боюнча жолугушуу 21-августта 15:00дө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болот;
- Жайыл району, Кара-Балта шаары боюнча жолугушуу 22-августта саат 10:00дө Кара-Балта шаардык маданият үйүндө өтөт;
- Панфилов району боюнча жолугушуу 22-августта 15:00дө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында башталат;
- Бишкек шаары боюнча жолугушуу 2-августта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 10:00гө белгиленди.

Нарын облусу боюнча уюштурула турган жолугушуунун даректери жана убактысы:
- Кочкор районундагы жолугушуу 5-августта Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө 10:00дө өтөт;
- Жумгал району боюнча жолугушуу 5-августта Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатрында 15:00дө башталат;
- Нарын шаары жана Нарын району боюнча жолугушуу 6-августта Нарын шаарындагы облустук драма театрында 10:00дө болот;
- Ат-Башы району боюнча жолугушуу 6-августта 15:00дө “Чатыр-Көл” кинотеатрында өтөт;
- Ак-Талаа району боюнча жолугушуу 7-августта 10:00дө Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө уюштурулат;
- Тогуз-Торо району боюнча жолугушуу 8-августта 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.

Ысык-Көл облусу боюнча өтө турган жолугушуулардын дареги жана убактысы:
- Балыкчы шаары боюнча жолугушуу 9-августта саат 10:00дө Э.Дубанаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында өтөт;
- Ысык-Көл району боюнча жолугушуу 9-августта саат 15:00дө Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында болот;
- Түп району боюнча жолугушуу 12-августта Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө башталат;
- Каракол шаары, Ак-Суу району боюнча жолугушуу 12-августта саат 15:00дө Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театрынын жыйындар залында өтөт;
- Жети-Өгүз району боюнча жолугушуу 13-августта Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө уюштурулат;
- Тоң району боюнча жолугушуу 13-августта саат 15:00дө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий