• 87
  • 90.63
  • 0.79

Адылбек Касымалиев Корея элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кореянын Кыргызстандагы элчилигине барып, 29-декабрда Муан аэропортунда учактын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктары менен коштолгон трагедиялуу кырсыкка байланыштуу ачылган атайын китепке көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.

Анда Адылбек Касымалиев Кыргызстандын министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Корея өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнүн аза кайгысын тең бөлүшөрүн жазды.

Ал ошондой эле бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишине тилектештигин билдирди.

“Ушул оор күндөрдө Кыргызстан Корея элине чын жүрөктөн колдоо жана тилектештигин билдирет”, – деп жазды минкаб төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий