Бишкек, 30.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстан алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аларды ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди.
Ал өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, 2024-жыл өлкө үчүн өзгөчө маанилүү жана ийгиликтүү жыл болгондугун белгиледи.
"Кыргызстан дагы бир жолу кыйынчылыктарды жеңип, алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аларды ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бул жетишкендиктердин бардыгы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун акылман жетекчилигинде, анын жеңилбес эрки, тынымсыз аракети жана ишенимдүү стратегиялык чечимдеринин аркасында ишке ашты. Президенттин элдин бакубаттуулугуна багытталган саясаты Кыргызстанды жаңы тепкичке алып чыкты", - деди минкаб башчысы.
Ошондой Адылбек Касымалиев министрлер кабинети жетишилген ийгиликтерди мындан ары да бекемдөөгө, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономика, социалдык өнүктүрүү жана инфраструктура жаатындагы аракеттерди күчөтүп, элдин турмушун жакшыртууга умтулуп жатканын кошумчалады.
"Биздин негизги приоритетибиз — баштаган долбоорлорубузду аягына чыгаруу жана 2025-жылы жаңы ийгиликтерди камсыз кылуу", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий