Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Өлкөдө машина жана станок куруу өнөр жайы жандандырылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымында, бул багытта өлкөдө 100дөн ашык ишканалар, анын ичинде 4 чоң завод ачылды. Азыр өнөр жайы ИДПнын структурасында 16%ды түзсө, жакынкы орто аралыкта анын көлөмүн 25%га жеткирүү максатка коюлду.
Касымалиев ошондой эле азык-түлүк менен камсыз кылуу жана айыл чарбасында чийки затка караганда кайра иштетүүгө приоритеттүү басым жасаларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышып жатат.
Пикир
Оставить комментарий