Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги аппараттык кеңешмесин өткөрүп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
Алгач минкаб төрагасы жакында эле өткөрүлгөн III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган бир топ олуттуу тапшырмаларды өзгөчө көзөмөлгө алып, кынтыксыз жана сапаттуу аткаруу керектигин, ал эми Элдик курултайдын катчылыгына делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир суроо-талапты талдап, атайын план түзүүнү тапшырды.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев мамлекет башчысы тарабынан өлкөнүн ички дүң продукциясын 2025-жылы 1,8 триллионго жеткирүү максаты коюлганын айтып, ошол себептүү Экономика жана коммерция министрлигине бул багытта терең талдоо жүргүзүүнү тапшырды.
Мындан сырткары, ал чакан жана орто бизнести колдоо боюнча реформа тез арада даярдалышы керектигин айтты. “2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриалдык долбоор ишке киргизилиши шарт”, – деди Касымалиев.
2025-жылы консолидацияланган бюджет 700 миллиард сомдон ашуусу зарыл экенин айткан минкаб төрагасы, Финансы министрлиги, Салык кызматы, Бажы кызматы бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, анын ишке ашуусун камсыз кылууга тийиштигин белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги - өлкөнүн инфраструктуралык өзөгү экени белгиленип, кийинки жылы курулуучу жолдор боюнча азыртадан кам көрүп, даярдык иштерин кечиктирбестен баштоо айтылды.
Энергетика министрлигине жылытуу мезгилинде элдин нааразычылыгын жаратпоо үчүн энергетикалык тутумдар штаттык режимде үзгүлтүксүз иштеши керектиги, өзгөчө майрам күндөрү энергетикалык системага күч келгендиктен, даярдык иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү тапшырмасы коюлду.
Билим берүү жана илим министрлиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү шартын эске алуу менен эмгек рыногунун талаптарына ылайык жаңы кадрларды даярдоону күчөтүүгө багытталган конкреттүү иш-аракеттер планын иштеп чыгып, бул багытта жумушту күчөтүү керектиги айтылды.
Саламаттык сактоо жаатында болсо, медициналык билим берүү мекемелери жыл сайын миңдеген дарыгерлерди даярдап чыгарганы менен, аларды аймактарда иштөөгө тартуу маселеси чечилбей келгени, бул үчүн шарттарды түзүп, конкреттүү чараларды кабыл алып, аткарылган иштер боюнча президенттин администрациясына маалымат киргизүү тапшырмасы берилди.
Бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине президенттин көзөмөлүндө турган долбоорлор боюнча жана алдыга койгон пландар, жасай турган реформа тууралуу маалыматты иштеп чыгуу тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий