• 87
  • 90.63
  • 0.79

Адылбек Касымалиев Сауд Аравиянын элчиси менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү талкуулашты.

Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Кызматташтык боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин жыйынынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан жемиштүү кызматташууга жана Комитеттин жыйынынын алкагында бардык маанилүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради Сауд Аравиянын эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгилеп, Сауд Аравия Падышалыгынын инвестициялык делегацияларынын, анын ичинде Сауд Арабиянын алдыңкы компанияларынын алдыдагы иш сапарлары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкек шаарында билим берүү жана маданият тармагында дагы бир катар иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий