• 87
  • 90.63
  • 0.79

Адылбек Касымалиев өзбекстандык жана тажикстандык кесиптештери менен жолугат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.01.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-январында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу өтөт.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алардын жолугушуусу Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болмокчу.

Жолугушууда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий