• 87
  • 90.63
  • 0.79

Адылбек Касымалиев жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын жанындагы Орок айылындагы футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысына жүрүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып, бардык процесстер өз убагында жүрүп жатканын белгилешти.

Адылбек Касымалиев объектти курууда бардык сапат жана коопсуздук стандарттарын сактоонун, долбоордун өз убагында бүткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү, бардык деңгээлдеги машыгуу жана мелдеш үчүн мыкты шарттарды түзүүдө стадион футбол командалары үчүн гана эмес, күйөрмандар үчүн да маанилүү объект болуп каларын кошумчалады.

Иш кадимки режимде уланууда. Стадиондун курулушу экологиялык жана заманбап технологиялык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлүүдө.

Объект белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүп, келерки жылы ишке кирүүсү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, минкаб башчысы Ош базарынын жаңы курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий