Афганистан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун уланышын кабыл албайт

Саясат 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Афганистан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун уланышын кабыл албайт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматта төмөнкүдөй айтылат:

“Афганистан өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн жана элдеринин ортосундагы куралдуу кагылышуунун уланышын кабыл албайт жана аймактагы тынчтык менен туруктуулукту колдойт. Афганистандын өкмөтү бул кагылышуулардын натыйжасында курман болгондорго байланыштуу дос жана бир тууган Тажикстан менен Кыргызстанга терең кайгыруусун билдирип, пайда болгон көйгөйдүн саясий жана тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилишине ишенет”.

Пикир

Оставить комментарий