• 87
  • 90.63
  • 0.79

Афганистандын туруктуулугу Борбор Азия үчүн маанилүү – Жээнбек Кулубаев

Саясат 0

Бишкек, 30.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Афганистандын стабилдүүлүгү, тынч өнүгүүсү Борбордук Азия үчүн маанилүү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган прес-конференциясында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Афганистанда саясий кризис болуп, стабилдүүлүк жок болсо андагы абал Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна өз терс таасирин тийгизет.

“Афганистан мамлекетинин ички саясаты, бийлиги – бул ооган элинин өздөрүнүн тандоосу. Афганистан мамлекети менен келечекте кызматташууга даярбыз жана учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Быйыл жылдын башында экономика министри Данияр Амангелдиев Афганистанга иш сапар менен барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, экономикалык жактан жардам берүүлөр тууралуу пикир алмашып келген. Келечекте биздин кошуна мамлекеттер сыяктуу Афганистан менен экономикалык жактан кызматташканга кызыкдарбыз”,- деди Жээнбек Кулубаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий