• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Афинада катуу ысыктан улам туристтик жайлар жабылды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Афинада катуу ысыктан улам туристтик жайлар жабылды.

Еuronews маалымдагандай, Грецияда ысык аптап бир жарым жумадан бери сакталууда. Мындан улам Афинанын бийлиги Акрополь жана башка туристтик жайларды ысык күндөрү жабуу чечимин кабыл алды. Синоптиктер ысык аба ырайы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кийинки аптага чейин болоорун айтышууда.

Учурда Европанын түштүгүндөгү бир катар мамлекеттерде абанын температурасы 40 градустан ашып жатат. Римдин зоопарктарындагы жаныбарларга тоңдурулган азыктар берилүүдө. Чөп жей турган айбанаттарга музу бар мөмө-жемиштер, жырткычтарга тоңдурулган эт жана балыктар таратылып жатат.

Румынияда мээ кайнаткан ысыкка байланыштуу үйлөрдө жана кеңселерде кондиционерлер өчүрүлбөгөндүктөн электр энергиясы ашыкча сарпталууда. Жарыкка болгон баа төрт эсеге өсүп, кээ бир учурларда жабдыктар жарактан чыгууда. Бул маалдарда бир катар райондор эки күн жарыксыз калды.

Белгилей кетсек, былтыр да Грецияда аномалдуу ысык аптап катталып, жүздөгөн өрттүн тутанышына алып келген. Эс алуучу аймактардан 20 миңдей турист эвакуацияланган болчу. Быйыл Индияда 50 градуска жеткен ысык каптап, июнь айында ондогон адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий