• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

АФК Чакырык лигасы. “Абдыш-Ата” афганистандык “Аттак Энерджи” менен беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Эртең, 13-августта атамекендик "Абдыш-Ата" клубу 2024-2025 сезонунун АФК Чакырык лигасынын алгачкы баскычы алкагында афганистандык "Аттак Энерджи" клубу менен кез келет.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш саат 20:00дө Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда орун алат.

Эске салсак, өлкөнүн учурдагы чемпиону 2023-2024 сезондо АФК Кубогунун жарым финалдык баскычына чейин жетип, кыргызстандык клубдардын ичинен эл аралык мелдештердеги эң мыкты көрсөткүчүнө жеткен. Учурда АФКнын клубдук турнирлери үч даражага бөлүнүп келет, алар - Элиталык чемпиондор лигасы, Экинчи чемпиондор лигасы жана Чакырык лигасы.

Оюнга билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү жага оюн күнү стадиондордун кассаларында сатылат. Ал эми оюндун түз алып берүү "ЭлТР Илим Билим" жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий