• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

АФК Чакырык лигасы. “Абдыш-Ата” афганистандык “Аттак Энерджини” жеңип алды

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Күн мурун, 13-августта атамекендик "Абдыш-Ата" клубу 2024-2025 сезонунун АФК Чакырык лигасынын алгачкы баскычы алкагында афганистандык "Аттак Энерджи" клубу менен кез келди.

Беттеш Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда орун алды.

Оюн "Абдыш-Ата" клубунун 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Голдун авторлору - Атай Жумашев (11') жана Кайрат Жыргалбек уулу (51'). Ошентип, бул жеңиш менен Кыргызстандын клубу турнирдин тайпалык этабына болгон жолдомону камсыздады.

Тайпалык баскычка чүчүкулак тартуу аземи 22-августта орун алып, анын жыйынтыгында командалар 5 тайпага бөлүнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий