АФК Кубогу: "Абдыш-Ата" клубу тажикстандык "Равшанды" утту

Спорт 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. АФК Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү турунун алкагында ата-мекендик "Абдыш-Ата" клубу тажикстандык "Равшан" менен кез келди.

Оюн күн мурун Тажикстандын Гиссар шаарындагы "Варзишгохи Маркази" стадионунда өттү.

Беттеш "Абдыш-Ата" клубунун жеңиши менен аяктады. Атаандаштын дарбазасына жалгыз голду Эммануель Ягр киргизди.

Эми “Абдыш-Ата” өз талаасында 9-ноябрда “Равшан” менен беттешет.

Эске салсак, 2-турдан кийин "Абдыш-Ата" 4 упай менен "Е" тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында туруп, андан кийин 2 упайлар менен "Равшан" (Тажикстан) жана "Мерв" (Түркмөнстан), 1 упай менен «Алтын Асыр» (Түркмөнстан) орун алышты.

Пикир

Оставить комментарий