Бишкек, 14.11.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-12-ноябрь күндөрү Ташкентте кыз-келиндер футболдук командалары арасында АФКнын клубдук чемпионатынын «B» тайпасынын беттештери орун алды. Тайпа ичинде «Ред Энджелс» (Түштүк Корея), «Сидней» (Австралия), «Насаф» (Өзбекстан) жана «Бам Хатун» (Иран) клубтары ойношту.
Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, кыргызстандык калыстар аталган турнирдин бир катар оюндарын тейлешти.
Вероника Бернацкая «Ред Энджелс» - «Насаф» жана «Сидней» - «Ред Энджелс» беттештеринде калыстар тобун жетектеп, аларда Рамина Цой калыстын биринчи жардамчысы болду. Ошондой эле, Бернацкая «Бам Хатун» - «Ред Энджелс» беттешинде резервдик арбитрдин милдетин аткарды.
«B» тайпасындагы оюндардын жыйынтыгы боюнча турнирдин финалдык этабына «Ред Энджелс» командасы чыкты.
Пикир
Оставить комментарий