Ага Хан фондунун башкы директору "Кабар" агенттигине эксклюзивдүү маек курду

Коом 0

Бишкек, 10.06.2024. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Ага Хан фондунун башкы директору Майкл Кокер менен эксклюзивдүү маек курду.

Маектин жүрүшүндө Майкл Кокер журналисттин Кыргызстандагы билим берүү жана анын келечеги, эл аралык коомчулуктун ролу, фонддун атайын программаларынын натыйжалары жана жыйынтыктары тууралуу суроолоруна жооп берди.

Ал ошондой эле 11-12-июнда Бишкекте өтө турган "Мектептер2030" форуму тууралуу айтып берди.

Маектин видео жана жазүү түрүндөгү версиялары эртең агенттиктин сайтында жана социалдык баракчаларына жүктөлөт.

"Мектептер 2030" форуму Ага Хан фондунун колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлөт. Ага билим берүү тармагынан 250дөн ашык делегат - мугалимдер, мектеп жетекчилери, жаштардын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар катышат.


Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги – өлкөнүн эң негизги маалымат агенттиги. Ал 1937-жылы КирТАГ агенттигинин базасында түзүлгөн. "Кабар" Кыргызстандын ички жана тышкы маалыматтык саясатын жүргүзгөн бирден-бир мамлекеттик маалыматтык-аналитикалык агенттик болуп саналат. www.kabar.kg сайтында маалыматтар кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий