• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Агроальянска ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүлөт – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Айыл чарба тармагында иш жүргүзгөн ассоциациялар “Кыргызстандын агроөнөр жай комплекси – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи” хартиясына кол коюшуп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында бир катар ассоциациялар Агроальянска бирикти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Эми министрлик Агроальянстын өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында жүргүзгөн иш-аракеттерин ар тараптуу колдоого алат жана көмөк көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 16-августта айыл чарба тармагындагы ишмердүүлүк жүргүзгөн бир катар ассоциациялар бириккендигин жарыялашкан. Алар:

  • Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы;
  • Канаттуулар Ассоциациясы;
  • Мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясы;
  • Жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясы;
  • Ун комбинаттарынын ассоциациясы;
  • Сүт өндүрүү ассоциациясы;
  • Борбордук Азиянын багбандар союзу;
  • Кыргыз жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациясы.

Аталган биригүү биринчи кезекте Кыргызстандын калкын негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылууга, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, кластердик өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун арттырууга, экспортук дараметти жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк көз карандысыздыгына жетишүүгө багытталган заманбап технологияларды киргизүү максатын көздөйт.

Өз кезегинде министрлик кайра иштетүү өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө, өлкөнүн ар бир жараны үчүн коопсуз тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, айыл чарба ишканаларынын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө, тармактагы ченемдик-укуктук актылар базасын иштеп чыгууга көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий