• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

“АгроТехЭкспо-2024” көргөзмөсүнө 20 миңден ашуун дыйкан-фермердин катышуусу күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 14.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Үч күнгө созула турган “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсүнө 20 миңден ашуун дыйкан-фермердин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө 18-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт. “АгроТехЭкспо-2024” иш-чарасында дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Көргөзмөнүн негизги максаты - агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат. Көргөзмө ордо калаанын борборунда 20 миң чарчы метрден ашык аянтта өтөт.

Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражатар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт. Айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 250дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалари, себүүчү машиналар жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар да коюлат”, - деди Нурланбек Кожогулов.

Ошондой эле ал “АгроТехЭкспо-2024” көргөзмөсүнүн алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” тарабынан даярдалган лизинг долбоорлору боюнча презентациялар болорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий