• 87
  • 90.41
  • 0.84

Amnesty International: Астана жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун сыйлашы керек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Казакстанда «Нур Отан» партиясынын курултайы өткөн 27-февралдагы кармоолорду айыптап, Астананы жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун сыйлоого чакырды.

Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун 4-мартта жарыяланган билдирүүсүндө 27-февралда Казакстандын шаарларында тынч митингге чыккан жүздөгөн адам кармалганы белгиленген.

«Казак бийлиги жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укуктарын коргоо боюнча өз милдеттерин аткарбай жатканын дагы бир жолу көрсөттү. Алар бул укугун пайдаланууга аракет кылгандарга карата катаал репрессиялык чараларды көрүүдө», — деди уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Хеза Макгилл.

Amnesty International 27-февралда тартылган видеотасмаларга таянуу менен полиция тынчтык митингинин катышуучуларына карата күч колдонуп, айрым учурларда көчөдө жөн гана өтүп бараткан адамдар дагы кармалганын белгилеген. Уюмдун билдирүүсүндө көчөгө чыккандардын колунда эч кандай жазуулар болбогону жана алар эч кандай ураандарды кыйкырбастан, болгону журналисттер менен сүйлөшүүгө аракет кылышканы жазылган.

«Казак бийлиги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, иш жүзүндө адамдардын тынч жыйындарды өткөрүүгө болгон укуктарынын сакталышын камсыздап бериши керек. Мындан тышкары 27-февралда кармалгандардын бардыгына компенсация төлөнүп, адамдардын укугун бузууга тиешеси бар полиция кызматкерлери менен расмий адамдар тиешелүү жоопкерчиликтерге тартылышы зарыл», — деп билдирди Хеза Макгилл.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, өлкө жарандары жыйындарды, жүрүштөрдү жана митингдерди өткөрүү үчүн жергиликтүү аткаруу органынын уруксатын алышы керек. Бирок көпчүлүк учурларда жергиликтүү бийлик түрдүү себептерди айтып, уруксат бербей коёт.

Пикир

Оставить комментарий