Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Мен аял затына жана балдарга карата зордук-зомбулукту терс кабыл алуу менен карайм. Буга эч качан жол берилбеши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жасап жаткан кайрылуусунда билдирди.
"Коомубузда ар бир аялзат, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч-аракетти жумшоо – биздин негизги милдетибиз. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, бири-бирине кам көрө билген, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз.
Укук коргоо органдарынын бирден-бир ыйык милдети – “алсыздарды коргоо” экендигин бир канча ирет эскертип келем. Ал эми күч түзүмдөрүнүн кимиси ушундай фактыларга шалаакылык кылып, көңүл коштукка жол беришсе, анда ал атуулдук ар-намысынан эле ажырабастан, кызмат ордунан да кол жууйт.
Биз ар бир аялзаты жана ар бир баланы мамлекет тарабынан коргоону, колдоону, камкордук менен сый-урматты сезген бейпил коомду курушубуз керек.
Бул багытта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жогоруда айтылган маселелерди терең изилдеп, үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгып сунуштагыла",-деп белгиледи президент Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү да катышып жатат.
Пикир
Оставить комментарий