• 87
  • 90.55
  • 0.84

Аялдардын ден соолугуна кам көрүү. Кыргызстанда бир айлык жарыяланды

Ден соолук 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Аялдардын ден соолугуна кам көрүү максатында Кыргызстанда бир айлык жарыяланды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бир айлык 17-ноябрдан 12-декабрга чейин созулмакчы.

Анын алкагында Бишкекте аялдардын жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча жыйын өттү. Иш-чаранын максаты - аталган оорунун алдын алуу боюнча калкка маалымат жеткирүү болуп саналат. Ага саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, дарыгерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Иш-чарада адистер аталган дартты азайтуудагы жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, төмөнкү максаттар алдыга коюлду:

-15 жашка чейинки кыздарды 90 %га чейин АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү;
- 35 жаштагы аялдарды 70%га чейин скрингден өткөрүп, ооруну эрте аныктоо жана бул текшерүүнү 45 жашында кайталап жүргүзүү;
- 90% дарт аныктаган аялдарды көзөмөлгө алып, эрте дарылоону баштоо.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы менен 15-44 жаштагы аялдардын басымдуусу жабыркайт.

Аталган оорунун алдын алуу үчүн адамдын папилома вирусуна каршы эмдөөдөн өтүү керек. Адистер илдеттен толук айыгуу үчүн эрте диагностикадан өтүү керектигин эскертишет.

Пикир

Оставить комментарий