“Аялдарга жардам берүү борбору” уюму Бишкектин жаңы конуштарындагы үй-бүлөлүк зомбулуктар тууралуу айтып беришти

Коом 0


Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкектин 10 пилоттун жаңы конуштарында аялдарга карата зомбулуктун өсүп жатканы тууралуу жергиликтүү жашоочуларга маалымат берүү максатында бир катар долбоорлор ишке ашты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Аялдарга жардам борбору” коомдук уюму долбоорунун координатору Элиза Ажиева билдирди.

Анын айтымында, активисттер тарабынан кыздарды ала качууга каршы веложарыш, мигранттардын укугун коргоого тынчтык жүрүш, жогорудагы көйгөйлөрдү ачык айткан форум-театрлар уюштурулган.

“2013-жылы 175 кылмыш иши катталса, 2019-жылы 649 иш катталган. Негизинен аялдар менен кыздар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушат. 2014-жылы үй-булөлүк зомбулуктан 2 миң 521 аял жана 98 эркек жабыркаган болсо, 2018-жылы 6 миң 562 аял жана 552 эркек жабыркаган. Үй-булөлүк зомбулуктан кары-картаңдар жана жаш балдар жабыркаган учурлар да бар”,-деди Ажиева.

Ошондой эле, ал уюм аялдардын саясий жана социалдык-экономикалык укугун көтөрүү менен да алектене турганын белгиледи. “Биз Жогорку Кеңеште гана эмес, жергиликтүү кеңештерде дагы чечимдердерди кабыл алууда аялдар менен эркектердин укугу бирдей деңгээлге жеткенде гана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелерин чече алабыз деп ойлойбуз”,-деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, өз кезегинде “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук уюму долбоорунун координатору Наргиза Аманбаева аталган уюм дагы аялдар жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду ишке ашырганын билдирди.

“2020-жылдын август айынан бери карай уюм жергиликтүү коомчулукта үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө коомдук алдын алуу борборлорун жана аялдар кеңешинин мүмкүнчүлүгүн көтөрүү жана активдештирүү жаатында бир катар долбоорлорду ишке ашырган. Көпчүлүк учурда аялдар милицияга эмес, жергиликтүү коомчулукка жана аялдар кеңешине кайрылышат. Биздин ишмердүүлүгүбүздүн алкагында үй-булөлүк зомбулук күн сайын өсүп жатканы аныкталды”,-деди Аманбаева.

Ал Бишкекте 223 миң 258 адам жашаган 47 жаңы конуш бар экенин белгиледи. “Анын ичинен биз 10 пилоттук жаңы конушту тандап алып, аялдардын укугун коргоо, гендердин теңчилик, жалпысынан адам укуктары жана долбоорлорду жазуу боюнча окутуучу тренингдерди өткөрдүк. Анын натыйжасында аялдар кеңеши менен биргеликте 10 долбоор ишке ашырылды: веложарыш, жаштар арасындагы талкуулар, форум-театр ж.б.”,-деди ал.

Мындан тышкары “Ынтымак-КАБЖ” коомдук фондунун жетекчиси, “Көлмө” жаңы конушунун активисти Каныбек Иманкулов чындыгында эле жаңы конуштардагы үй-бүлөлүк зомбулук маселеси курч турганын белгиледи.

“Мен 3 жыл мурда фонд ачкам, ар кандай тагдырларды билем. Жакында эле жаш бала жалгыз калган учур катталды, анын атасы таштап кетип, апасы ичип кеткен. Баланы балдар үйүнө өзүм тапшырдым. Жаңы конуштарда бирге иштөө үчүн үй-бүлөсү менен айылдан келген адамдар жашайт, бирок алардын каттоосу жок. Өкмөттөн жаңы конуштардагы каттоого туруу маселесин чечип берүүнү суранам, анткени мурда участкалык милиция кызматкерлери өзүнүн тилкесинде кимдер жашай турганын билишчү, эми анын бары электрондук болуп, адам кайда жашаганы тууралуу эч жерде жазылган эмес. Бүгүн бир адам бир жерге барып зомбулук көрсөтүп, кетип калат, анан аны табууга мүмкүн болбойт. Мен учетко каттоону тактаганда гана зомбулукту азайтууга болот деп ойлойм”,-деди ал.

Мындан тышкары, “Ак-Жар” жаңы конушунун үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттин төрайымы Гүлбүбү Дөндөева негизинен мигранттардын балдарына карата зомбулук көбүрөөк экенин билдирди.

“Биздин жаңы конуш мыйзамсыз, документтер жок, мамлекеттен эч нерсе бөлбүнбөйт. Бирок, Аламедин районунун ИИБ тарабынан бөлүнгөн участкалык милиция кызматкерлери бар. Биздин комитетке ноябрдан баштап апрелге чейин 40 үй-бүлө кайрылды. Биздин конуш Дордой базарына жакын болгондуктан көпчүлүк жашоочулар ал жакта картон чогултуп, тачка сүйрөп, чай сатып иштешет. Пандемия учурунда бары ишсиз калышты. Ушул учурда үй-бүлөлөрдө дагы азык-түлүктүн жетишсиздигинен, түшүнбөстүктөн зомбулук күчөп кетти. Ошондой эле, чоң ата, чоң энесине же туугандарына калтырылган мигранттардын балдары көбүрөөк жабыр тыртышты”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий