• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айбек Абдымомунов XII эл аралык "Россия – спорт державасы" форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. 17-19-октябрь күндөрү Башкортостандын Уфа шаарында XII эл аралык "Россия – спорт державасы" спорттук форуму өттү.

Форумга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов катышты.

Министрдин орун басары форумдун пленардык жыйынына катышып, анда Россиянын президенти Владимир Путин жана башка эл аралык спорт маселелери боюнча катышуучулар сөз сүйлөштү.

Ошондой эле Айбек Абдымомунов форумдун КМШ, ШКУ, ЕАЭБ жана БРИКС аймактарында спорттук интеграция маселелерине арналган сессиясында чыгып сүйлөп, Кыргызстандын эл аралык бирикмелердин алкагында өткөрүлгөн спорттук иш-чараларга активдүү катышып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, форум алкагында ал Россиянын дене тарбия жана спорт мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк делегаттар менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Министрдин орун басары ошондой эле фиджитал спортту өнүктүрүүгө, Экинчи келечек оюндарына жана Tro-Phy-Gital-Tour эл аралык автожүрүшүнүн башталышына арналган иш-чараларга катышты.

Форум алкагында Айбек Абдымомунов эл аралык көргөзмөдө көрсөтүлгөн спорттук продукция жана катышуучулардын долбоорлору менен да таанышты.

Пикир

Оставить комментарий