• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Айбек Молдогазиев Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Анкарага болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, Хакан Фидан Түрк мамлекеттери уюмунун көп тараптуу саясий консультацияларына катышуу үчүн Анкарага чогулган Түрк мамлекеттери уюмунун мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТМУнун мүчө өлкөлөрүнүн аймактык кызматташуу, экономикалык өнүгүүсү жана маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле көп тараптуу жана эки тараптуу форматтагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн негизги маселелери талкууланды.

Түрк дүйнөсүнүн экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыгын бекемдөө умтулуусу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, жаңы транспорттук коридорлорду түзүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо ниети баса белгиленди.

Тараптар түрк дүйнөсүндө кызматташтыкты бекемдөө жана тереңдетүү, Түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын жана кызыкчылыктарын аймактык жана эл аралык аренада мындан ары алдыга жылдыруу ниетин белгилешти.

Айбек Молдогазиев жолугушуунун жүрүшүндө Хакан Фиданга президент Садыр Жапаровдун атынан Түркиянын Тышкы иштер министрлигине толугу менен салттуу стилде кооздолгон Кыргыз улуттук боз үйүн белек кылганын ырастаган сертификатты тапшырды.

Садыр Жапаровдун белеги эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин гармониясын, эки боордош элдин тарыхынын, маданиятынын жана тилинин биримдигинде негизделген өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого тараптардын умтулуусун символдоштурары белгиленди.

Кыргыз улуттук боз үйү Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин аймагына орнотулат, анда чет элдик элчилер жана дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери кыргыз элинин байыркы тарыхы жана көчмөн маданияты менен тааныша алышат.

Пикир

Оставить комментарий