Айбек Молдогазиев Астанада "Борбор Азия + Япония" диалогунун жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Астанада өткөн "Борбордук Азия + Япония" диалогунун жогорку кызмат адамдарынын 16-жыйынына катышты.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун катышуучулары диалогдун алкагындагы маселелер боюнча пикир алмашып, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча демилгелер көтөрүлдү.

Айбек Молдогазиев өз сөзүндө диалог иш-чараларынын жүрүшүндө макулдашууларды ишке ашыруунун зарылдыгын белгилеп, аталган аянтчада төрагалык кылуунун тартиби жана катчылыктын иштеши боюнча кыргыз тараптын сунуштарын киргизди.

Жолугушуу 2024-жылы Борбордук Азиянын 5 өлкөсүнүн жана Япониянын мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтө турган Биринчи диалог саммитинин алдында өттү.

Маалымат үчүн: “Борбордук Азия + Япония” диалогу кызматташуунун жаңы багыттарын түзүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошону менен Япония менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган көп тараптуу аянтча болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий