Айбек Молдогазиев Австриянын элчиси Вилли Кемпель менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Австриянын Кыргызстандагы элчиси Вилли Кемпель менен дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

2024-жылдагы эки тараптуу мамилелердин оң динамикасы белгиленди. Тактап айтканда, 2024-жылдын 15-17-майында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрияга расмий сапары, ошондой эле Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк тарабынан биргеликте 2024-жылдын 10-11-июнунда Вена шаарында уюштурулуп жаткан Кыргызстандын делегациясы катышуучу эл аралык энергетикалык форум.

Ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча биргелешкен ишти улантуу зарылдыгы белгиленди.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Австриянын элчиси Вилли Кемпелге кыргыз-австриялык кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий