Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Астана шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандагы Испания Королдугунун элчиси Луис Франсиско Мартинес Монтес, Венесуэла Боливар республикасынын элчиси Росальба Ло Буэ Антико, Канаданын элчиси Кристофер Дугган, Эстониянын элчиси Яап Орудан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
Ведостводон маалымдашкандай, министрдин орун басары Айбек Молдогазиев элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, биргелешкен иш эки тараптуу өз ара пайдалуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Испаниянын элчиси менен болгон баарлашууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду.
А.Молдогазиев Канаданын элчиси менен эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин, анын ичинде кыргыз-канада саясий консультацияларын өткөрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.
Молдогазиев Венесуэланын элчиси менен болгон жолугушууда Латын Америка өлкөлөрү менен соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, ошондой эле билим берүү, туризм жана спорт тармагында кызматташууну өнүктүрүү кыргыз тарабынын ниетин билдирди.
Министрдин орун басары эстон тарап менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, санариптештирүү жана маданий-гуманитардык байланыштар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Жолугушуулардын соңунда министрдин орун басары Айбек Молдогазиев элчилерди Кыргызстан менен жогоруда аталган мамлекеттердин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө жана аларга жүктөлгөн миссияны аткарууда зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.
Пикир
Оставить комментарий