Айбек Молдогазиев Грузиянын элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астанада жайгашкан Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николоз Лалиашвили менен жолугушуп, ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, бул боюнча тиешелүү иштер улантылат.

А.Молдогазиев грузиялык дипломатты ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырышы менен куттуктап, Грузиянын Кыргызстандагы элчиси кызматында ийгиликтүү иш каалады.

Пикир

Оставить комментарий