• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айбек Молдогазиев Япония элчиси Года Хидэки менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэкинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы нормативдик-укуктук базаны бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, көп тараптуу жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында жогорку деңгээлде боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар кыргыз-япон мамилелеринде конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн мындан аркы тыгыз кызматташуу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий