Айбек Молдогазиев Япониянын мамлекеттик катчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев бүгүн, 3-июнда Япониянын мамлекеттик катчысы, тышкы иштер министринин улук вице-министри Цудзи Киото менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, тараптар кыргыз-япон өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулап, саясий байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сын-пикирлер менен алмашышты.

Япон тарап жогорку деңгээлде пландалган эки тараптуу иш-чаралар тууралуу маалымат берип, биргелешкен тыгыз иш-аракеттерге ишеним билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ченемдик укуктук базасын чыңдоо маселелери да көтөрүлүп, энергетика жана экология тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Пикир

Оставить комментарий