• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Айбек Молдогазиев Камбоджанын элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 09.09.2024. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Камбоджа Падышачылыгынын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Сок Чеа менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Сок Чеа Айбек Молдогазиевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлѳрүн тапшырып, Камбоджа саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Министрдин орун басары бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарап Камбоджа менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Ошондой эле туризм, жеңил өнөр жай, маданият, экология жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүү потенциалы белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Молдогазиев Сок Чеага эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсү үчүн ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий