Айбек Молдогазиев Корея элчиси Ли Вонджэни миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, Айбек Молдогазиев кыргыз-корей кызматташтыгын жана багытын бекемдөө боюнча жемиштүү иши үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, анын ичинде Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүдө элчинин жеке эмгегин белгиледи.

Элчи Ли Вонджэ Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине көрсөткөн көмөгү жана биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы активдүү саясий диалогдун уланышына үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий