• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Айбек Молдогазиев Словения элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Словениянын Кыргызстандагы эчиси Дарья Бавдаж Куретти ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу боюнча кабыл алды.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, Молдогазиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү болушун каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жана келишимдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.

Ошол эле күнү министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Москва шаарында жайгашкан Колумбиянын Кыргызстандагы элчиси Эктор Исидро Аренас Нейранын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жолдорун, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кароого өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында сүйлөшүүдө белгиленген маселелерди алдыга жылдыруу үчүн жумушчу байланыштарды улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий