• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айбек Жунушалиев менен Анкара шаарынын мэри Бишкек наабайканага барышты

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкана өкүлдөрү учурда наабайкана 14 миң нан азыктарын өндүрүп жатканын айтышты. 15 миңге чейин көбөйтүү пландалууда.

Ошондой эле шаар боюнча ишкананын 8 күркөсү иштеп, шаардын социалдык объектилерине жеткирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Борбор калаанын конокторуна "Бишкекнаабайкана" МИнин өндүрүшү жана лабораториясы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасы Түркия премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча Түрк агенттигинин каржылык колдоосу менен курулуп, 2015-жылдын 7-майында пайдаланууга берилген.

Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев жана Анкаранын мэри Мансур Яваш Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына барып, мекеменин иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий