Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев прокуратура кызматкерлерине Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сыйлыктарды тапшырды.
Муниципалитеттен маалымдашкандай, мэр борбор калаанын прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Жемиштүү эмгеги жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааты, ардак грамотасы менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий