• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Айбек Жунушалиев Тазалык" ишканасына барды

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен бирге "Тазалык" муниципалдык ишканасына барды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Борбор калаанын башчысына оңдоп-түзөөдөн өткөн жайлар, кызматкерлердин эс алуу бөлмөлөрү, жаңы желимдөө жайы, ошондой эле ишкананын кардарларды тейлөө үчүн өзүнчө имараты жана ашканасы көрсөтүлдү. Ишкананын кызматкерлери үчүн кичи аянтча да уюштурулган. Экинчи базада номерлер менен белгиленген атайын техникалар үчүн жеке унаа токтотуучу жайлар көрсөтүлдү.

Айбек Жунушалиев башка муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине да ушундай шарттарды түзүү зарылдыгын кызматтардын жетекчилерине эскертти.

"Мен мэр болуп келгенде "Тазалык" ишканасына баргам. Ошондо эле айткам, жумушчуларга тиешелүү шарттарды түзүү, тазалыкты өзүнөн баштоо керек, отчёт берүү үчүн бир нерсе кылуунун кереги жок, эгер иш кылсаң, анда аны натыйжалуу жана туура кылыш керек", - деп белгиледи мэр.

Ошондой эле шаар башчысы келечекте бардык кызматтарды жана алардын мекемелеринин абалын текшерүү пландалып жатканын кошумчалады. "Эгерде өзүңөрдүн ишканаларда шарт түзө албасаңар, анда шаар үчүн эмне кыла аласыңар?" - деп баса белгиледи Жунушалиев.

Мындан тышкары, жеринде контейнерлердин абалын жана "Тазалык" ишканасынын жумушчуларынын иштерин онлайн режиминде көзөмөлдөй турган программалар көрсөтүлдү.

Мэрдин орун басары Рамиз Алиев шаар башчысына кайрылып, кышында унааларды оңдоп-түзөө үчүн ангардын, унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин белгиледи.

Айбек Жунушалиев аталган ангардын курулушуна долбоордук-сметалык документтерди даярдоо милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий