• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Аида Исмаилова KITA’нын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 06.10.24. /Кабар/. Сеул шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова KITA'нын төрагасы Юн Жин Шик менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо алкагында, Экономика жана коммерция министрлигинин алдында түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү борбору менен Корея Эл аралык соода ассоциациясы (KITA) ортосундагы меморандумга кол коюунун алдында уюштурулду.

Анда Аида Исмаилова акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстандын экономикалык чоң жетишкендиктерин баса белгилеп, өлкөнүн экспорттук жана инвестициялык потенциалына көңүл бурду. Ошондой эле ал документке кол коюунун маанилүүлүгүн айтты.

Белгиленгендей, KITA Кореянын эң ири бизнес-уюмдарынын бири, ага 73 миңден ашуун компания кирет. Бул эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө шарт түзөрү айтылды.

Маалымат үчүн: Корея Эл аралык соода ассоциациясы (KITA) – бул 1946-жылы негизделген жеке коммерциялык эмес соода уюму. KITA чет өлкөлөрдөгү маркетинг жана инвестицияларды колдойт, эл аралык кызматташтыкка өбөлгө түзөт, соода боюнча маалыматтарды жана изилдөөлөрдү сунуштайт, эл аралык соода боюнча адистерди даярдайт жана соода тармагында консультациялык кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий