• 87
  • 90.43
  • 0.88

Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болду

Саясат 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Күн мурун БУУнун штаб-квартирасында Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жыйынды БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасы болуп шайланган Камерундук Филемон Янг алып барды.

Ал эми Кыргызстандын туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары катары ишине киришти.

Пикир

Оставить комментарий