• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аида Касымалиева КМШ ПАА кеңешинин жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. КМШ ПАА кеешинин жыйынына Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган депутаттар катышты, - деп билдирет Жогокру Кеңештин басма сөз кызматы.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) кеӊешинин жыйыны өзгөчө маанайда өттү. Анткени, Парламенттер аралык ассамблеянын 50-юбилейлик пленардык жыйынына туш келди. Юбилейлик пленардык жыйындын күн тартиби, иштөө регламенти талкууга коюлуп, секретариаты менен редакциялык комиссиясынын курамы бекитилди.

Улуттук парламенттердин төрагалары катышкан жыйындын жүрүшүндө каралган олуттуу маселелердин бири Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин 2030-жылга чейин экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясынын долбоору туурасындагы маселе болду. Ошону менен бирге эле эмдиги жылы шериктеш өлкөлөрдө өтө турган шайлоолорго да өзгөчө көӊүл бурулду. Мында Парламенттер аралык ассамблеянын эл аралык байкоочуларын жөнөтүү, алардын бюджетин аныктоо маселелери туурасында да сөз болду.

Мындан тышкары буга чейин Парламенттер аралык ассамблеянын алкагында жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келечек пландары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий