Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо жүрүүдө эрежелерин так сактоого чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкекте абанын температурасы 0°С төмөн түшүп, жолдор тоңголок болушу мүмкүн.
Мындан улам Кайгуул кызматы айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону сунуштайт.
- Белгиленген ылдамдыктан ашырбай айдоо;
- Унаалар арасындагы аралыкты сактоо;
- Унаадан ашып өтүү, тормозду басуу, бир тилкеден экинчи тилкеге өтүү сыяктуу кыймылдарды жасабоо;
- Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө өзгөчө этият болуу.
“Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол шарттарынын начарлашынан улам тобокелдиктерди азайтуу үчүн түнкүсүн унаа кыймылын чектөөнү сунуштайбыз”,- деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий