• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Айдоочулардын эсине! Сосновка менен Кара-Көл пунктарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилет

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруусу зарыл. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрлик Сосновка жана Кара-Көл пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарыларын эскертти.

Ошондой эле министрлик алыс жолго сапарга чыга турган айдоочуларга бир катар кеп-кеңештерин берди:

  • жолго чыгарда унаада музга туруштук бере турган атайын чынжырча болуусу керек;
  • ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелген учурда унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюуңуз. Анткени ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат;
  • кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпоо кажет. Мында эреже гана бузулбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаралат;
  • унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо - кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий