• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айдоочуларга эскертүү! Бишкек – Ош жолу дрон менен көзөмөлдөнүүдө

Коом 0


Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунда жол эрежесин бузгандар дрон менен аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан атайын тесттик режиминде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында дрон менен байкоо жүргүзүп, айдоочулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин алып барууда.

"Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, алдыдагы авто унаадан ашып өтүү, озуп өтүү өңдүү жол эрежелери аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий