Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайында кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) 20-майдан 24-майга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш түрүшүү иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулуп турат.

Буга байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууну эскертет.

Белгиленгендей, иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий